Кабулда согушкерлердин кол салуусунан 29 адам мерт болду

Кабул. Окуя болгон жер.

Ооганстанда дүйшөмбү күнү баш калаа Кабулдун чыгыш бөлүгүндө согушкерлердин кол салуусунан кеминде 29 адам курман болду, дагы 23 киши жабыркады.

Өкмөттүк мекемелер жайгашкан райондогу кол салуу иш күнү аяктап, кызматкерлер үйүнө тарай баштаган маалда болгон. Күбөлөрдүн айтымында, алгач жол боюнда турган машинелердин бири жарылган.

- Мен жолдо машинелер токтоп турган жерде кетип бараткам. Бир маалда катуу жарылуу болду. Ракетабы же бомбабы, билбейм. Айтор буттарым иштебей калды, - деп айтып берди журналисттерге өзүн Зикрулла деп тааныштырган адам.

Согушкерлер менен атышуу сегиз саатка созулду.

Ооганстандын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлүнүн орун басары Насрат Рахими үч согушкер өлтүрүлгөнүн, ал эми төртүнчүсү машинени жардырганда мерт болгонун билдирди.

Жакында АКШнын президенти Дональд Трамп Ооганстандагы азыркы 14 миңдей америкалык аскерди "олуттуу" азайтуу боюнча чечим кабыл алганы кабарланды. Ал эми ооган бийлиги америкалык аскерлердин "олуттуу азайышы өлкөдөгү коопсуздукка таасир этпейт" деп жооп кайтарды. (RK)