55 өлкө менен визасыз катташуу келишиминин мөөнөтү узартылат

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын 55 өлкө менен 60 күнгө чейин визасыз катташуу келишиминин мөөнөтү узартылат. Буга байланыштуу мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеӊештин тармактык комитети 25-декабрда экинчи окууда жактырды. Мыйзам долбоорун иштеп чыккандардын бири, депутат Дастан Бекешевдин айтымында, айрым өлкөлөр менен 60 күнгө чейин визасыз катташуу мөөнөтү 2020-жылдын 31-декабрында аяктайт.

- Атайын кызматтар терроризм жана экстремизм коркунучтары сындуу коркунучтарды мисал келтирип, коопсуздук маселесин байма-бай эске салып жүрүшөт. Бирок биз мыйзамдарды либералдаштыруудан коркпошубуз керек. Мындай келишимдер өлкөнүн экономикасын, анын ичинде туризм тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт, - деди ал.

Буга чейин өкмөт мурда келишим түзүлгөн 45 өлкөнүн тизмесине дагы 10 мамлекетти кошууну, 60 күнгө чейин визасыз катташуу мөөнөтүн 2030-жылга чейин узартууну сунуш кылган. Тизмеге жаңы кошулган өлкөлөр: Болгария, Кипр, Румыния, Черногория, Андорра, Бразилия, Сан-Марино, Чили, Аргентина, Оман. Мыйзам долбоордун автору мындай сунушка макул болгон. (КЕ)