“Унаа” мамлекеттик мекемесинин мыйзамдуулугун кароо сунушталды

Иллюстрация.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдыбек Дүйшалиев жаңы түзүлгөн мамлекеттик “Унаа” мекемесин түзүүнүн мыйзамдуулугун карап чыгууну сунуштады. Эл өкүлү Жарандык кодексте мамлекеттик мекеме деген түшүнүк жок экенин белгилеп жатат.

- Жарандык кодексте мамлекеттик ишкана деген бар экен. Ишканалар коммерциялык, чарбалык субъекттер болот экен. Ал эми мамлекеттик мекеме өкмөттүн жобосунда дагы жок. Транспортту каттаган кызматкерлер мамлекеттик кызматкер болуп келген. Алар өз ишинде транспорт каражаттарын каттаганда анын ээсин, кожоюнун аныктап, техникалык паспорт жазып беришет. Бул юридикалык жактан алганда туура. Айдоочулук күбөлүк бергенде дагы экзаменди мамлекеттик кызматкерлер кабыл алчу. Бул жерде жаңы курулган “Унаа” мекемесинде мамлекеттик кызматкер макамы жок окшойт. Андай болгондо кандайча документти бере алат деген шек пайда болуп жатат.

Дүйшалиев бул маселелерди аныктап, жолго салуу зарылдыгын белгиледи.

Буга чейин өкмөт Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу маалыматтык кызматтардын адистештирилген борборун, унаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментин жоюп, анын базасында жаңы «Унаа» мамлекеттик мекемесин түзүү чечимин кабыл алган. Унааларды каттоого жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүгө ошол мекеме жооптуу болору айтылган. (КЕ)