"Туристтик милиция" долбоорунун бет ачары өтөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Бишкекте “Туристтик милиция” долбоорунун бет ачары болот. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) бир бөлүмү катары иштей турган кызмат Кыргызстанга эс алганы келген чет элдик туристтердин укугун коргоо максатын көздөйт.

Министрликтин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова “Азаттыкка” маалымдаганына караганда, туристтик милиция эки взводдон турат. Жалпысынан анда 60 кызматкер иштөөсү каралып жатат, азыр бардык сынактардан 20 адам өттү.

- Негизги талап – туристтик милиция кызматкери жогорку билимдүү болуп, чет тилди жакшы билиши керек. Тандалып алынгандардын арасында англис тилинен тышкары түрк, итальян, француз тилдерин билгендер бар, - деди Аманкулова.

Тандалып алынгандардын жарымы кыз-келиндер. Туристтерди тейлөөчү милиционерлердин өзүнчө формасы болот.

Бул долбоор азырынча Бишкек шаарында ишке ашырылууда, келечекте туристтер көп каттаган башка аймактарда да ачылат.

Расмий маалымат боюнча, 2017-жылы Кыргызстанга чет өлкөлүк 2,7 миллиондой турист келген. Негизинен алар Казакстандан, Өзбекстандан, Орусиядан көп келишет. Алардын 70 пайызы Ысык-Көл облусуна, 20 пайызы Ош облусуна барат. Калган 10 пайызы өлкөнүн башка аймактарын кыдырат. (RK)