Жол коопсуздугун уюштуруу башкармалыгы Бишкек шаарынын борборундагы бир нече көчө жабыларын эскертти. Аталган кызмат шаардыктарды бара турган жерин алдын ала пландап алууга чакырды.
- Чүй көчөсү Эркиндик гүл багынан Панфилов көчөсүнө чейин автобус жана троллейбус жүрүүгө гана уруксат берилди.
- Раззаков көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейин Абдымомунов көчөсү саат 17:00дөн баштап жабылат.
- Киев көчөсү Эркиндик гүл багынан Панфилов көчөсүнө чейин саат 17:00дөн баштап автобус жана троллейбустарга гана ачык болот.
31-декабрь күнү “Ала-Тоо” аянтында майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. (TSh)