Ошто 12 кабат үйдүн жертөлөсүнөн чыккан өрттөн эки кыз набыт болду. Алардын сөөктөрү 1-январь күнү, саат 07:50 чамасында табылган.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери каза болгон кыздардын тек-жайын аныкташты. Алардын бири Ноокат районунун 20 жаштагы тургуну, экинчиси Алай районунун 27 жаштагы тургуну болуп чыкты.
Милициянын алгачкы божомолдору боюнча коопсуздук чаралары сакталбай, өрт чыгып, натыйжада кыздар түтүнгө ууланып каза болушкан. Өрттүн жана кыздардын өлүмүнүн себептерин аныкташ үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Джим көчөсүндөгү өрт чалган 1-үйдүн жертөлөсүндөгү бул мейманкананын администраторлоруна карата былтыр “Сойкулук үчүн көмүскө жайды уюштуруу” беренеси менен алты ирет кылмыш иши козголуп, андагы сойкукана жабылган. Жертөлө акыркы убакта мейманкана катары иштетилип жаткан. (MdN)