2019-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстандын пенсия курагына жеткен жарандары пенсия алыш үчүн документтерди чогултпайт. Тиешелүү документтерди чогултуу милдети Социалдык фондго жүктөлөт. Жаңы мыйзам күчүнө киргенин "Азаттыкка" Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзамдын автору Аалы Карашев кабарлады:
- Пенсияны чегерүүнү жөнөкөйлөтүү боюнча биз мыйзам кабыл алганбыз. Документтер Соцфондго керекпи - Соцфонд аларды өзү чогултушу керек. Адам 30-40 жыл иштеп, пенсиянын документтерин алты ай, бир жылдап чогултпаш керек. Ал Соцфондго келди, арызын берди, паспортун, эмгек китепчесин берди. Калганын Соцфонд өзү чогултуш керек. Бул мыйзам 2019-жылдын 1-январынан күчүнө кирет.
2019-жылдын 1-июлунан тартып Соцфонддо атайын пенсионерлер үчүн бөлмө ачылат. Каалоочулар ал бөлмөгө кирип, канча пенсия алып атканын электрондук түрдө көрүүгө мүмкүнчүлүк алат. (KR)