Тажикстанда белгилүү адвокат көз жумду

Файзинисо Вохидова. Сүрөт 2011-жылдын апрелинде тартылган.

Тажикстанда белгилүү адвокат Файзинисо Вохидованын сөөгү 4-январда жерге берилди. Ал бейшемби күнү кечинде борбордук ооруканалардын биринде пневмония илдетинен 55 жашында көз жумганы белгилүү болду.

Москва мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү Файзинисо Вохидова 1995-жылдан бери адвокаттык иш менен алектенип келген. Кесиптештеринин айтымында, ал Тажикстанда бийликтин саясий опоненттерине, журналисттерге жана кыйноонун курмандыктарына юридикалык жардам көрсөткөн саналуу адвокаттардын бири болчу.

2017-жылдын март айында Файзинисо Вохидова президент Эмомали Рахмонго ачык кат менен кайрылып, анда кесиптеши Бузургмехр Ёровго чыгарылган соттун өкүмүн адилетсиз деп баалап, ага карата куугунтуктоону 1937-жылкы сталиндик репрессиялар менен салыштырган. Бул окуядан көп өтпөй Кыргызстанга жыйынга келаткан Вохидованы тажик чек арачылары өлкөдөн чыгарбай коюшкан.

2016-жылы "Global Voices" эл аралык блоггерлер платформасы Вохидованы "чындык үнү" деп атап, көп адамдар ачык айта албаган темаларды көтөрүп келерин билдирген.

Файзинисо Вохидова төрт баланын энеси болчу.