Карагандыда 200дөй киши нааразылык акциясына чыкты

Караганды шаарынын борборуна чогулгандар. 6-январь, 2019-жыл.

Казакстандын Караганды шаарында жекшембиде 200дөй киши аймактык милиция бөлүмүнүн алдына чогулуп, Жаңы жыл түнү киши колдуу болгон казак жигиттин өлүмүн “калыс” иликтөөнү бийликтен талап кылышты.

Алардын айрымдары "армяндар өлкөдөн көчүп кетсин" деп кыйкырышты.

Жаңы жыл тосуп жаткан маалда жергиликтүү ресторандардын биринин алдында эки топ мушташа кетип, казак жигит бычакталган. Дагы үч киши жарадар болуп ооруканага түшкөн.

Караганды облусунун губернатору Ерлан Кошанов чогулгандар менен жолугуп, “киши өлтүрүүгө тиешеси барлардын баары жоопко тартыларын” айтты.

“Бул иш жогору жактардын көзөмөлүндө. Бардык тиешелүү адамдар жоопкерчиликке тартылат” деген губернатор кылмышка шектүүлөр "эки-үч күн ичинде кармаларын" айтты.

«Азаттыктын» казак кызматынын маалыматына караганда, шаардын борбордук бөлүгүндө коопсуздук чаралары күчөтүлүп, атайын техника менен полиция кызматкерлери көбөйдү.

Бийлик болсо кырдаал көзөмөлдө экенин билдирип, социалдык сайттарда тарагандай, Жаңы жылга караган түнү болгон окуя “улут аралык жаңжал” экенин четке какты.