Былтыр мамлекеттик имараттардын ижарасынан 158 миллион сом жыйналды

Маммүлк фондунун карамаганы өткөн "Идеал Хаус" комплексиндеги үйлөр.

2018-жылы мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн бюджетке 158,3 миллион сом түшкөн. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду кабарлады. Фонддун маалыматы боюнча, былтыр ижарадан 100 миллион  сом топтоо пландалган. Мамлекеттин карамагындагы имараттарды ижарага берүүдөн түшкөн каражаттын көбөйүшүн мекеме аукциондордун электрондук түрдө өтө баштаганы менен түшүндүрүүдө. Былтыр октябрдан тартып 10 электрондук аукцион өткөрүлгөн. Январь айынын аягына чейин 58 аукцион өткөрүү пландалууда.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагына 140тай мамлекеттик ишкана кирет. Буга чейин парламентте мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдө жана пайдаланууда коррупция күч алып, ал натыйжасыз башкарылып жатканы тууралуу сын айтылып келген. (BkA)