Ош облусунда жер титиреди

Иллюстрациялык сүрөт.

16-январь күнү саат 06:29да Ош облусунун аймагында күчү үч баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жер титирөө Өзгөн районунун Чимбай, Кароол жана Мырза-Арык айылдарында үч баллга, ал эми Өзгөн шаарында 2,5 баллга чейин сезилген. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроо катталган жок. (BTo)