Дүйнөнүн түбөлүк тоңдору жылып жатат

Антариктикадагы муз.

Окумуштуулардын эң соңку иликтөөсү акыркы он жылдыкта дүйнөнүн түбөлүк тоң же муз каптаган аймактарында жердин орточо температурасы 0.3 Целсий градуска жылыганын көргөздү.

Иликтөөнүн жыйынтыгы 16-январда Nature Communications онлайн журналында жарыяланды.

Андагы маалыматка караганда, түбөлүк тоң жаткан аймактардан температуранын эң жогорку деңгээлде көтөрүлүшү Сибирдин түндүк-чыгышы менен түндүк-батышында катталып, 2007-2016-жылдын аралыгында бул көрсөткүч 0,9 Цельсий градусту түзгөн.

Илимпоздор ушул жана башка маалыматтарды Арктика, Антарктика жана Европа менен Борбор Азиянын тоо кыркаларында орнотулган жабдуулар аркылуу алышкан.

Ал жабдуулардын 71и температура өскөнүн, 12си төмөндөгөнүн, 40ы өзгөрбөгөнүн, бешөө түбөлүк тоңдор да эрий баштаганын каттаган.

Өткөн аптада илимпоздор Science журналында жарыялаган иликтөөдө дүйнөлүк океандын жылуусу күтүлгөндөн ыкчам кетип жатканын да билдиришкен.

2015-жылы 190дон ашуун мамлекет макулдашкан Париж келишимине ылайык, дүйнө өлкөлөрү 2100-жылга карата глобалдык температуранын орточо ысышын эң жогору дегенде индустриалдык доорго чейинкиден же 1880-1899-жылдардагы орточо көрсөткүчтөн 2 Цельсий градус ашырбоо боюнча аракеттерди көрүшү керек.

Буга чейин Дүйнөлүк Метеорология уюму 2017-жыл дүйнөдө абанын температурасынын көрсөткүчтөрү индустриалдык доорго чейинкиден 1,1 градуска жогору болгонун жарыялаган. (UE)