ӨКМ Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болорун эскертти

Иллстративдик сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө 18-январда түштө жана кечинде болжол менен ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жеткен шамал болушу мүмкүндүгүн эскертти.

Мындай маалымат саат 11:58дө таратылып, шамал бир саат аралыгында башталышы мүмкүн экени белгиленген.

Буга чейин ылдамдыгы 20 метрден ашкан шамалда дарактар кулап, автоунааларды басып калган, имараттардын чатырларын учуруп кеткен окуялар болгон.