Кыргызпатент юристтер ассоциациясы менен кызматташуу багыттарын аныктады

Иллюстрациялык сүрөт.

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызмат (Кыргызпатент) "Кыргызстандын юристтери" ассоциациясы менен кызматташат.

Бул тууралуу меморандумга 19-январда кол коюлганы маалым болду.

Негизги максат юристтердин интеллектуалдык менчикке болгон укукту коргоо багытындагы билимин жана жөндөмүн өркүндөтүү, кызматташуу, кесиптик жактан кайра даярдоо экени айтылды.

Расмий маалыматка караганда, 2013-2017-жылдарда ойлоп табуучулук боюнча 497 патент берилген. Миңден ашык автордук укук каттоого алынган. (RK)