Бишкек: Свердлов районуна жаңы аким дайындалды

Бишкек шаары.

Мурат Осмонов Бишкектин Свердлов районунун акими болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка баш калаанын башчысы Азиз Суракматов бүгүн, 21-январда кол койду. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Осмонов буга чейин Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат башчысы болгон. Кесиби боюнча физик-инженер, юриспруденция боюнча да билими бар.

Буга чейин райондун мурдагы акими Самарбек Болотбеков кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын жарыялап, анын себебин айткан эмес. (КЕ)