Мадумаров Атамбаев менен биригерин төгүндөдү

Адахан Мадумаров.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров айрым маалымат каражаттары аны "экс-президент Алмазбек Атамбаев менен бирге иштешет" деп жазганын төгүндөдү.

Саясатчы “Азаттык” радиосуна комментарий берип, Атамбаев менен 2015-жылы сүйлөшкөнүн, ошондон бери анын үнүн да уга элек экенин айтты.

Айрым маалымат каражаттары Адахан Мадумаров экс-президент Алмазбек Атамбаев менен иштеше турганын жазып чыгышкан. (КЕ)