Депутаттар кодекстер тууралуу эксперттердин кеңешин мурда уккан эмес

Жогорку Кеңеш.

Депутаттар 1-январдан тартып күчүнө кирген жаңы кодекстер тууралуу кабыл алынганга чейин эксперттердин кеңешин уккан эмес. Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында кодекстерди иштеп чыгуу боюнча эксперттик топтун мүчөсү Гүлмира Мааткеримова депутаттын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Мунун алдында эл өкүлү Элвира Сурабалдиева жол эрежесин бузганы үчүн айыппул туура эмес эсептелип калганын, мунун айынан коррупцияга жол ачыла турганын айткан.

- Эксперттик топтун мүчөлөрү, 6 млн. калкка түшүндүрүп койгулачы. Мисалы, мен саатына 39 чакырым ылдамдыкта келатсам миң сом айыппул төлөйт экенмин. Эгер саатына 40 чакырым ылдамдыкка өтүп кетсем 7,5 миң сом айыппул. Ортодо айырма бир эле чакырым. Эл аралык тажрыйбада 5-10-15 чакырым айырма болгондо айып салынбайт, - деген депутат.

Гүлмира Мааткеримова мындай маселелер кодекстер кабыл алынганга чейин, комитеттерде талкууланышы керек болчу деген пикирин айтты:

- Чынын айтканда "тармактык комитет качан бизди чакырат, ушул маселелерди талкуулайт" деп күтөбүз. Азыр сиз көтөрүп жаткан маселе боюнча биз мурда эле келип, кеңеш берели дегенбиз. Бизге сөз беришпейт, кечээ комитетте эксперттерди чакырганбыз, ушул сөздөрдү айтууга аргасыз болдук. Бир киши бардык нерсе жөнүндө биле бербейт. Ар бири өз тармагы боюнча айтып бере алат. Биз кеңешибизди сунуш кылганбыз. Эч ким уккусу келген эмес, азыр эксперттерге карата абдан кемсинткен мамиле болуп жатат.

Жогорку Кеңеш 1-январдан тартып күчүнө кирген жаңы кодекстер менен мыйзамдар боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат. Ушул жылдан тартып "Пробация жөнүндө" жана "Мунапыс жөнүндө" мыйзамдар, Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Тартип бузуу жөнүндө кодекс иштей баштаган.

Ушул эле кодекстин 71-беренесине ылайык "таштандыны атайын каралган жерлерден башка жерге ыргытуу, өрттөө жана түкүрүү" 5500 сом айыппул менен жазаланат. Ал эми мас абалында машине айдагандар 17 500 сом айыпка жыгылат. 40 чакырымдык ылдамдык чегин бузган айдоочулар 7500 сом айыппул төлөйт.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кодекстердин айрым беренелери кайра каралып чыгышы керек экенин айткан. (КЕ)