25-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргыз тоолору.

“Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, 25-январда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда бир аз кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;

Талас жергесинде түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -20…-25, күндүз -10…-15 градус болот.

25-январда Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -3…-5°, күндүзгү жогорку температурасы 5…7° болот.