Бишкек жылуулук электр борборунда кайра көйгөй жаралды

Бишкек жылуулук электр борборунда кайрадан көйгөй жаралды. "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматы 26-январда кабарлагандай, тармактык суу менен камсыз болгон түтүктө мүчүлүштүк чыкты. Аны атайын комиссия текшерип жатат.

Расмий маалыматта айтылгандай, бул чекилик Жылуулук электр борборун модернизациялоо учурунда кеткен.

"Бишкекжылуулук тармагы" ишканасы 26-январда жылуу сууну убактылуу өчүрөт. Бишкектин түштүк тарабында жылуулук азаят. Шаардын борбордук бөлүгүндөгү, темир жолдун түндүк жагындагы түтүктөрдө суу токтойт. Оңдоо иштерин кечки саат 21:00гө чейин бүтүрүү пландалган.

Бир күн мурда баш калаанын бир нече кичи райондорунда көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берилбей калган.

Бир жыл мурун, 2018-жылдын 26-январында да Бишкек жылуулук электр борборунда авария болуп, кыш чилдеде шаар тургундары бир жумадай жылуулуксуз калышкан.

2017-жылы аяктаган модернизациялоо иштерин Кытайдын ТВЕА компаниясы жүргүзүп, ага 386 миллион доллар жумшалган.