Бразилиядагы дамбанын жырылуусунан 34 адам мерт болгону такталды

Дамба жырылгандан кийинки абал.

Бразилиянын Куткаруу кызматы билдиргендей, Минас-Жерайс штатындагы дамбанын жырылуусунан 34 өмүр кыйылганы такталды. Дагы 296 кишинин дайыны чыкпай жатат. "Globo" телеканалы билдиргендей, 23 адам ооруканада.

Белу-Оризонти шаарынын аймагында шахтанын чыгындылары топтолгон дамба жума күнү жырылган. Натыйжада шахтаны жана бир канча үйдү суу каптаган. Апаат болгон жерде ондогон куткаруучу иштеп жатат. Тургундар коопсуз жакка көчүрүлгөн.