Улуттук госпиталдын дарыгерлери пикетке чыкты

Нааразылык акциясына чыккан дарыгерлер. 28-январь, 2019-жыл.

Улуттук госпиталдагы Көздүн биринчи микрохирургиясы госпиталында иштеген 30дай дарыгер бүгүн, 28-январда Жогорку Кеңештин алдына нааразылык акциясына чыгышты.

Алар Көздүн биринчи микрохирургиясы бөлүмүнүн башчысы Салтанат Иманбаеванын кызматтан алынышын талап кылып жатышат. Пикетке чыккандар менен парламент депутаты Дастан Бекешев жолукту.

2017-жылдын жайында бул бөлүмдүн ондон ашуун дарыгери Салтанат Иманбаеванын үстүнөн Улуттук госпиталдын директору Динара Сагинбаевага арызданган. Алар Иманбаева менен иштөөгө мүмкүн болбой калганын, грант аркылуу келген кымбат баалуу жабдууну өз менчигине өткөрүп, операцияларды өзү гана жасап калганын айтып чыгышкан.

Ал эми Иманбаева айтылган дооматтын баарын четке кагып, техниканы эч кайда алып кетпегенин, дарыгерлер анын иш боюнча сын-пикирлерин кемсинтүү катары кабыл алып жатышканын билдирген. (BTo)