Белгилүү комузчу, төкмө акын Чалагыз Иманкулов эскерилет

Чалагыз Иманкулов.

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы адабият жана көркөм өнөр музейинде бүгүн, 30-январда боло турган иш-чара Чалагыз Иманкуловдун 130 жылдыгына арналган.

Акын жана комузчу катары калкка таанылган Иманкулов элдик жомокторду жайылтууга да чоң салым кошкон.

Ал Ысык-Көлдүн Булан-Сөгөттү айылында 1889-жылы туулуп, 1980-жылы 91 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Чалагыз Иманкуловго «Кыргыз ССРнин маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген наам берилген. (NT)