Жогорку Кеңеш КТРКнын Байкоочу кеңешине мүчө тандап жатат

КТРК.

Ушул тапта парламент КТРКнын Байкоочу кеңешине мүчөлүккө талапкерлердин сөзүн угуп жатат.

Бул жолу кеңешке 2017-жылдын апрель айынан бери мүчө болуп келген Айгүл Жунушалиеванын ордуна Маркабай Ааматовдун, Чынара Капарованын, Атыркүл Сарыбаеванын, Мирбек Мурзабековдун, Нургазы Мусаевдин талапкерлиги көрсөтүлүүдө. 

Талапкерлер депутаттарга Байкоочу кеңешке мүчө болуу менен Коомдук телеканалдын саясатын, ишин оң жакка бурууга аракет кыларын билдиришти. Депутат Мирлан Жээнчороев Байкоочу кеңештин мүчөлөрүн "позициясына тура алган жок" деп айыптады: 

- Байкоочу кеңештин мүчөлөрү, өзүңөрдүн принциптериңер болушу керек. Эгер ага тура албасаңар, азыр эле баш тартып кетип калгыла. Биз Байкоочу кеңештин мүчөлөрүн мурунку шайлоону лакмус кагазы деп айтсак болот. Жыпар Жекшеевич, сизге демократ деп ишеним берилген, бирок иш жүзүндө аны көрсөтө алган жоксуңар. 

Депутаттын талабына КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев жооп берип, мүчүлүштүктөрдү жоюуга убада берди. 

КТРКга мамлекеттик бюджеттен 485 млн. сом бөлүнөт. Байкоочу кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев бул алты теле, беш радио жана телерадио борбору менен телефильм ишканасын каржылоого аздык кыларын билдирди.

КТРКнын Байкоочу кеңешинин 15 мүчөсү бар. Алардын бешөөнү президент, бешөөнү парламент жана калган беш мүчөсүн жарандык коом сунуш кылган талапкерлердин арасынан парламент тандап алат. (ZKo)