Кайрылуу “Жаш лидерлер академиясы” демилгесинин катышуучулары тарабынан "Баткен облусунун көйгөйлөрү жана аны чечүүнүн жолдору” аттуу талкуунун жыйынтыгынан кийин жиберилген.
Анда Баткен облусунда 34 өз алдынча башкаруу органы болсо да жаштар менен иш алып барган комитеттерди жана уюмдарды колдоо начар болуп жатканы белгиленген.
Мындан тышкары аймактагы жаштар комитеттери кагазда гана калып, иш жүзүндө иштебей турганы айтылган. Жаштар бул комитеттердин ишин жандантып, колдоо көрсөтүү үчүн каражат бөлүп берүүнү өтүнүшкөн.
Алар ошондой эле элеттик жаштардын бош убактысын пайдалуу өткөрүшүнө шарт түзүш үчүн спорт аянтчаларын, китепканаларды, тил жана кесип үйрөтүүчү курстарды камтыган борборлорду ачууга, китепканалардын фондун жаңылоого, жаштарды китеп окууга кызыктыруучу иш-чараларды уюштуруучу программаларды кабыл алууга чакырышкан.
Кайрылуу жазгандар аймакта жаш мугалимдерге көмөк көрсөтүп, жаш мугалимдер депозитин жандандырууну, облустун коңшулаш Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш айылдарында чыр-чатактарга жол бербеш үчүн Баткен облусунун аймагында коңшулаш өлкөлөр менен ишенимдүү мамиле курууга багытталган атайын программаларды кабыл алууну сунуш кылышкан.
Баткен облусу - эмгекке жарамдуу тургундары миграцияга эң көп кеткен аймактардын бири. (JsA)