"Кыргызстан" Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматын угат

Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясы бүгүн, 1-январдагы жыйынында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат угат.

Аталган фракциянын катчылыгынан билдиришкендей, жыйынга вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеев, финансы министри Бактыгүл Жээнбаева чакырылган.

Кыргыз өкмөтү 2015-жылы мамлекеттик мекемелерди иштегендерди үй менен камсыз кылуу максатында атайын программа кабыл алып, аталган компанияны түзгөн. (NT)