Ошто «Окурман үй-бүлө» сынагы жыйынтыкталды

"Атам, апам жана мен - Окурман үй-бүлө" сынагы. Ош шаары. 1-феврал, 2019-жыл.

1-февралда "Атам, апам жана мен – окурман үй-бүлө» деп аталган шаардык сынак жыйынтыкталды.

Ага шаардагы 52 мектептин башталгыч класстарынын окуучуларынан жана алардын ата-энелеринен турган үч жүздөй командадан мурунку эки этапта жеңип чыккан беш команда катышты.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулчу адиси Жамила Токтошеванын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, беш командага тең номинациялар берилди:

- Биринчи орунга татыктуу үй-бүлөгө "Окурман үй-бүлө" номинациясын бердик. Экинчи орунга "Эң тапкыч үй-бүлө", үчүнчү орунга "Таланттуу үй-бүлө", төртүнчү орунга "Ынтымак үй-бүлө", ал эми бешинчи орундагы командага "Шамдагай үй-бүлө" деген наамды ыйгардык.

Адистин белгилөөсү боюнча, сынактын максаты - үй-бүлөдөгү чогуу китеп окуу маданиятын өркүндөтүү, ата-энелер менен мектептин кызматташтыгын арттыруу жана балдарды тарбиялоодо ата-энелердин ролун көрсөтүү.

«Атам, апам жана мен – окурман үй-бүлө» сынагы өткөн жылдын соңунда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып башталган. Иш-чара USAIDдин «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун алкагында Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын демилгеси менен уюштурулган. (MdN)