“Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, 4-февралда түнкүсүн жаан жаабайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 5…10;
Талас жергесинде түнкүсүн -3…-8, күндүз 5…10;
Баткен жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10;
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -8…-13, күндүз 2…7;
Нарын облусунда түнкүсүн -23…-28, күндүз -4…-9 градус болот.
4-февралда Бишкекте жаан жаабайт. Жолдор тайгак болот. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -3…-5°, күндүзгү жогорку температурасы 7…9° болот.