Орусиялык рэпер Децл каза болду

Кирилл Толмацкий (Децл)

Децл деген ат менен белгилүү болгон орусиялык рэпер Кирилл Толмацкий 3-февралда 35 жашында дүйнө салды. Ижевск шаарындагы концерттен кийин ырчынын жүрөгү кармап, дарыгерлер анын өмүрүн сактай албай калышты.

Окуя боюнча иликтөө жүрүп жатат.

Толмацкийдин жылдызы 2000-жылы жанган. Ал Орусияда рэп жанрын кеңири тааныткан алгачкы ырчылардын бири жана анын “Вечеринка у Децла” өңдүү бир топ ыры хитке айланган. (KKu)

Тасмада: Децлдин 2017-жылы "Азаттыктын" орус кызматына берген маеги.