4-февралда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Бишкекке расмий иш сапары менен келген Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолукту. Бул тууралуу президенттин аппараты кабарлады.
Алар Орусиянын президенти Владимир Путинди бир айдан кийин Кыргызстанда өтө турган сапарына байланыштуу маселелерди кеп кылышты.
Жээнбеков Путиндин Бишкекке келиши “өлкөлөрдүн стратегиялык өнөктөштүгүн дагы чыңдай турганына” ишенерин билдирди. Ал Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине киргенден кийин эки өлкөнүн мамилеси кызматташуунун жаңы деңгээлине чыкканын айтты.
Лавров болсо Кыргызстан менен Орусия эки тараптуу жана ЖККУ, ЕАЭБ, ШКУ, ЕККУ, БУУ уюмдарынын алкагында бекем байланышта кызматташып келатканына токтолду.
Быйыл мартта Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Мартта ошондой эле өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн ортосундагы комиссиянын да отуруму өтөт.
Буга карата даярдык иштерин талкуулаш үчүн Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 3-февралда Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Ал Бишкекте 5-февралга чейин болот. (ErN)