Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КДСП) "Атамбаевсиз КСДП" кыймылы өткөргөн кезектеги жыйынды да мыйзамсыз деп жарыялады. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматы 4-февралда билдирүү таратты.
"Атамбаевсиз КСДП" кыймылы 2-февралда Бишкекте партиянын кезексиз конференциясын өткөрүп, Ырысбек Мааткабылов аттуу жаран баш калаа боюнча жаңы координатор болуп шайланганын кабарлаган.
КСДПнын катчылыгы Мааткабылов 2014-жылдын декабрында партиядан чыгуу жөнүндө арыз жазганын, 2015-жылы партиянын саясий кеңеши аны канааттандырганын маалымдады. Билдирүүгө Мааткабыловдун ошол кездеги арызы да тиркелген. Ошондой эле Жогорку Кеңешке 2015-жылдагы шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан - Эмгек" партиясынан ат салышканы айтылат.
"Ирина Карамушкина КСДПнын Бишкек шаары боюнча координатору бойдон кала берет. Партиянын мыйзамдуу конференциясы мартта болот жана 6-апрелде өтчү партиянын курултайына делегаттар тандалат", деп айтылат билдирүүдө.
Өзүн "Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын мүчөсүмүн" деп атаган Сагынбек Абдрахманов Бишкектин бир катар райондорунда жана облустарда "Атамбаевсиз КСДП" деген ураан менен жыйындарды уюштуруп жүрөт.
Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бул кыймыл КСДПны бөлүп-жаруу жана тартып алуу максатында түзүлгөнүн, Абдырахманов партияга мүчө эмес экенин айткан.
Партиянын төрагасы - экс-президент Алмазбек Атамбаев.