"Манас" аэропорту кайрадан иштей баштады

"Манас" эл аралык аэропорту.

Бишкектин четиндеги "Манас" эл аралык аэропортуна бомба коюлганы тууралуу маалымат азырынча тастыкталган жок. Аба майданынын иши саат 17:40та кайра жанданды. Эвакуацияланган адамдар эки сааттан ашуун убакыттан соң имаратка кайра киргизилди. Бирок издөө-иликтөө иштери уланууда. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

Жагдайдан улам саат 17:05те Бишкек-Москва багытындагы каттам кечигип учмай болду. Жадыбалга ылайык, саат 18:05те Новосибирскиге, 18:45те Ошко, 19:50дө Красноярскиге, 20:15те Алматыга жөнөчү каттамдар бар.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдиргендей, аэропортко "жардыргыч зат коюлганы" жөнүндө 5-февралда саат 15:09дө маалымат түшкөн. Маалымат берген адамдын да тек-жайы аныкталып жатат.

Кыргызстанда кай бир мекемеге, соода борборлоруна "бомба коюлганы" тууралуу күч органдарына телефондон буга чейин да көп маалымат берилген, бирок алар жалган болуп чыккан. (SE)