Орусия Венесуэла менен аскердик-техникалык кызматташтыгын токтотпойт

Николас Мадуро (солдо) жана Хуан Гуайдо.

Орусиянын Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча федералдык кызматынын башчысы Дмитрий Шугаев Венесуэладагы курал-жарактарды оңдоо жана башка тейлөө иштери токтотулбасын айтты. Ал Орусия Венесуэла менен бул тармакта 2005-жылдан бери кызматташып келе жатканын белгилеп, бул аралыкта ал жакка "көптөгөн техника каражаттары жиберилгенин" билдирди.

Шугаевдин сөзү боюнча, алар Ми-35, Ми-17 тик учактары, аскер учагы, чопкуттуу техника жана башка курал-жарактар, анын ичинде абадан коргонуучу жабдыктар да бар. Шугаев акыркы убактарда мурда жиберилген курал-жарактарды оңдоо иштери жүрүп жатканын айтып, өлкө аймагында аскер базасы түзүлүп, Калашников автоматын ок-дарылары менен кошо чыгаруучу завод да куруларын кошумчалады. 

Орусия Венесуэланын азыркы президенти Николас Мадурону колдоп жатат. Ал эми АКШ жана Евробиримдик өлкөлөрү Хуан Гуайдону өлкө башчысы деп тааныганын билдиришкен.