7-февралда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Жолдорго муз тоңуп, тоолуу райондорго күрткү түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -11...-16, күндүз -5...-10,
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн -4...+9, күндүз -1...+4,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -6...-11, күндүз 0...-5,
Нарын жергесинде түнкүсүн -18...-23, күндүз -10...-15,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн күндүз -30...-35, күндүз-12...-17 градус болот.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Түнкүсүн абанын температурасы -13…-15, күндүз -7…-9 градус болот.