Бишкекте өрттө каза тапкандардын тек-жайы такталууда

Иллюстрация

Бишкек шаарында өрттө каза тапкан эки кишинин тек-жайы такталууда. Иликтөөнү Октябрь райондук милициясы жүргүзүп жатат.

Анын алдында эки адамдын өлүмү тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлаган. Алар 6-февралда Элебаев жана Скрябин көчөлөрү кесилишкен жайдагы павильондо чыккан өрттө көз жумушкан.