УКМК: Эл аралык террордук уюмдун согушкери кармалды

Кармалган киши. УКМКнын сүрөтү.

Кыргызстандын жараны М. Х. Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренесинде каралган кылмыш иши үчүн эл аралык издөөдө жүргөн. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлагандай, кармалган киши 2015-жылы “жихад” идеологиясын көздөп Сирияга кеткен. Ал жакта эл аралык террористтик уюмдарга кошулуп, куралдуу согуштарда Сириянын өкмөтүнө каршы күрөшкөн. Кийинчерээк ал КМШ өлкөлөрүнүн бирине жиберилген.

УКМК аны 29-январда терроризмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык кызматташтыктын алкагында жүргүзүлгөн контртеррористтик иш-чаралардын негизинде кармаган. 

Расмий билдирүүлөргө ылайык, Ирак менен Сириядагы жоочулардын тобуна кошулуп кеткен, азгырылып барып калган кыргызстандыктардын саны 500дөн 800гө жетет, жүздөн ашууну ошол жерде мерт болгон. (ZKo)