Сапар Исаковдун соту 18-февралда башталат

Сапар Исаков.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоодогу коррупция боюнча айыпталып жаткан мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаковдун, Жантөрө Сатыбалдиевдин жана экс-министр Осмонбек Артыкбаевдин соту 18-февралда башталмай болду. Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакуновдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бул күнү иш менен алдын ала таанышуу болот.

- Өтө оор кылмыш болуп жатканда алдын ала угуу сөзсүз өтөт. Сот болжолдуу 18-февралга белгиленип жатат.

Укук коргоочунун айтымында, соттук процесске журналисттер киргизилбейт.

Териштирүү Свердлов райондук сотунда болот. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин 5-февралда Башкы прокуратурага жөнөткөн.

Ага ылайык эң негизги айып мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковго коюлган. Исаков өзү бул иште саясий боёк бар экенин билдирип, өзүнүн күнөөсүз экенин айтып жатат. (КЕ)