Бул тууралуу пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев бүгүн парламент жыйынында билдирди. Депутат айыл чарба жерлерин трансформациялоого көзөмөлдү күчөтүүнү сунуш кылып, айыл чарба жерине этият мамиле кылууга чакырды:
- Жерге өкмөт ээлик кылып турган учурда да 2006-жылдары миңдеген гектар жерлерибиз мыйзамсыз кетип калган. Айла кеткенде мораторий киргизилген. Биздин жерибиз резина эмес, чоюп бере берсек, жер түгөнөт. Улуттук фонддун жерин да берип атып, азыр 25% жетпеген жер калды. Ошондуктан тескерисинче, айыл чарба жерлерин трансформациялоону жергиликтүү бийликке берүүдө жакшылап ойлонуп, аны турак жай курууга берүүнүн тартибин күчөтүш керек.
13-февралда Жогорку Кеңеш айыл чарба жерлерин трансформациялоо боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселесин карап жатат. Айрым депутаттар тескерисинче элге турак жай жеткиликтүү болушу үчүн жерди эртерээк трансформациялоону талап кылышууда. (ZKo)