Түндүк Македония өкмөтү 14 кишинин өмүрүн алган автобус кырсыгына байланыштуу 14-15-февраль күндөрүн аза күтүү күнү деп жарыялады. Мындай чечим шаршемби күнү кечинде өкмөттүн жыйынында кабыл алынды.
- Кырсыктын себептери азырынча белгисиз. Тийиштүү прокурордун жетекчилиги менен иликтөө иштери жүрүп жатат, - деди премьер-министр Зоран Заев басма сөз жыйынында.
Маалыматка караганда, автобус Скопье-Тотов трассасында бараткан. Күтүүсүздөн каршы тилкеге чыгып, Ласкарци айылы жактагы чуңкурга кулап түшкөн. Айдоочунун абалы туруктуу, учурда Скопьеде дарыланууда. Автобуста 50 киши болгон. Алардын 32си жабыркады. Үчөөнүн абалы оор. Каза болгондордун бардыгы Гостивар шаарынын тургундары.