Испанияда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо жарыяланды

Испаниянын премьер-министри Педро Санчес. 26-январь, 2019-жыл.

Испаниянын премьер-министри Педро Санчес шайлоо 28-апрелде өтөрүн жума күнү билдирди. Буга эки күн мурда испан парламентинин соңку 24 жылда биринчи жолу өкмөттүн бюджет долбоорун кабыл албай койгону себеп болду.

Санчес жетектеген Испаниянын Социалисттик жумушчу партиясынын парламенттин чейрек бөлүгүнө жетпеген гана депутаты бар. Андыктан премьер-министр 2019-жылга карата бюджетти парламенттин кароосунан өткөрүш үчүн аймактык чакан партиялардын колдоосуна муктаж болгон.

Бирок Испаниянын курамындагы Каталониядан шайланып келген депутаттар Санчес чөлкөмдө өз алдынчалык боюнча экинчи референдум өткөрүү маселесин талкуулоодон баш тартканы үчүн анын бюджетин колдобой коюшту.

2017-жылы Каталонияда өткөн бүткүл элдик добуш берүүдө шайлоочулардын басымдуу бөлүгү аймактын эгемендикке чыгышын жактаганы менен испан өкмөт бул референдумду тааныган эмес.