17-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

17-февралда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -3...+2, күндүз 3...8,

Таласта түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...8,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -6...-11, күндүз 1...6,

Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн -3...+2, күндүз 3...8,

Нарында түнкүсүн -13...-18, күндүз 0...-5 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 6…8 градус болот.