Кыргызстанда майып балдардын жеке кароочусу катары катталгандарга айлык төлөө үчүн акча жетиштүү. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.
Министрдин айтымында, январь айында 2556 ата-эне менен келишимге кол коюлуп, аларга айлык төлөп берүү үчүн 14 миллион 483 миң сом бөлүндү:
- Албетте, 6 миң деген санга жете элекпиз. Бирок жакынкы күндөрү калган ата-энелер менен да документтерди ырастап, акчаны которуп беребиз. Бул үчүн акчабыз да бар, мүмкүнчүлүгүбүз да түзүлдү десек болот.
Кыргызстанда 29 900 майып бала болсо, алардын 6 миңи "башка бирөөнүн кароосуна муктаж" деген корутунду менен каттоодо турат.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев багууга жана көзөмөлгө муктаж, майып баланын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүсүнө акы төлөөнүн шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтомго 2018-жылдын ноябрь айында кол койгон.
Майып бала баккан адамга 4900 сомдук айлык маяна каралган.
Бул демилге алгач көтөрүлгөндө бюджеттен каражат бөлүү жагы кыйын болору айтылып, күмөн саноолор болгон. (RK)