18-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызстан.

18-февралда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -1...-6, күндүз 1...6,

Таласта түнкүсүн -4...-9, күндүз 1...6,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...5,

Баткенде түнкүсүн -2...+3, күндүз 1...6, 

Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -3...+2, күндүз 2...7,

Нарында түнкүсүн -14...-19, күндүз -4...-9 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жана эртең менен кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз 4…6 градус болот.