Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан алты киши жабыркады

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек-Ош магистралынын Жайыл районундагы аймагында жүргүнчү ташыган "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү автоунаа менен жүк ташыган "Мерседес-Бенц" автоунаасы кагышкан. Натыйжада алты киши жаракат алып, Жайыл райондук ооруканасына жеткирилди. Алардын ичинен салондо кысылып калган экөөнүн абалы оор деп бааланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, окуя 17-февралдын таңында болгон. (ZKo)