Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгына карата китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылды

Абдыкадыр Орозбеков.

Улуттук китепканада «…Бүт өмүрүн эл-жери үчүн арнаган…» деп аталган китеп-сүрөт көргөзмөсү 19-февралда ачылды. Анда Кыргызстандагы алгачкы саясий ишмерлердин бири Абдыкадыр Орозбековдун өмүрү жана ишмердиги тууралуу китептер, гезит-журналдарга жарыяланган макалалар, сүрөттөр коюлган.

Абдыкадыр Орозбеков 1889-жылы Маргалаң уездинин (азыркы Кадамжай району) Охна кыштагында туулган. 1916-жылы Ферганадагы көтөрүлүшкө катышкан. 1918-жылы Кызыл Армиянын катарына кирип, Коммунисттик партияга мүчө болгон.

Абдыкадыр Орозбеков Кыргызстандын автономиялык республика, кийинчерээк өзүнчө республика болушуна чоң салым кошкон. Жалган жалаа менен "эл душманы" деп айыпталып, 1937-жылы камалып, атылган. (ZKo)