20-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызстан.

20-февралда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Нарын, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -2...-7, күндүз 1...6,

Таласта түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...5,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...5,

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 0...-5, күндүз 2...7,

Нарында түнкүсүн -17...-22, күндүз -4...-9 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз 2…4 градус болот.