Бүгүн, 25-февралда Бишкекте “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында ШКУ (Шанхай Кызматташтык Уюму) чөлкөмүндө туризм индустриясын өнүктүрүүгө арналган форум башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.
Былтыр күзүндө эл аралык “Lonely Planet” басылмасы Кыргызстанды саякат үчүн эң ылайыктуу 10 мамлекеттин катарына кошкон. Ага карабай, туризм тармагы өнүгүүгө муктаж экени айтылып келатат.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанга 2018-жылы жети миллион турист келген. (КЕ)