Кытайлык күйөөсүнөн зомбулук көргөн келин мекенине кайтты

Иллюстрациялык сүрөт.

Кытай жаранына турмушка чыккан намангандык Саида аттуу келин күйөөсү орой мамиле жасаганын айтып, үйүнө кайтууга жардам сураган.

19- февралда ал Өзбекстандын Кытайдагы элчилигинин жардамы менен мекенине кайткан. Өзбек консулу Бабур Яхёевдин айтымында, Саида учурда үйүндө. Буга чейин кордук көргөнүн билдирген келин социалдык түйүндөр аркылуу журналисттерден жардам сураган.

Саиданын айтымында, күйөөсү аны бир жума бою жууна турган бөлмөдө камап койгон. Ур-токмоктон тышкары жыныстык зомбулук көрсөткөн.

Келин үй-бүлөсүндөгү каржы маселесинен улам кытай жаранына турмушка чыкканын мойнуна алган. Күйөөсүн нике агенттигинин жардамы менен тапкан. Саиданын окуясы социалдык түйүндөрдө кызуу талкууга түштү.

Маалыматтарга караганда, Кытайдагы Өзбекстандын элчилиги келинди издеп таап, коргоп калган.