Казакстанда өкмөттүн курамы бекитилди

Астана. 27-октябрь, 2011-жыл.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев өкмөттүн курамын бекитти. Ак ордонун сайтында жарыяланган токтомго ылайык, Аскар Мамин Казакстандын жаңы премьер-министри болду.

Өкмөт башчынын орун басарлыгына буга чейин Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигин жетектеп келген Женис Касымбек дайындалды. Финансы министрлигине Алихан Смаилов башчы болуп келди, ал премьер-министрдин биринчи орун басарынын да кызматын аркалайт.

Аскар Жумагалиев санариптик өнүгүү, коргонуу жана аэрокосмостук өнөр жай министри, Даурен Абаев маалымат жана коомдук өнүгүү министри болду. Абаев буга чейин Маалымат жана коммуникация министрлигин жетектеген.

Мурдагы кызматтарын сактап калгандар: Бейбут Атамкулов – тышкы иштер министри; Нурлан Ермекбаев – коргоо министри; Ерлан Тургумбаев – ички иштер министри; Марат Бекетаев – юстиция министри; Елжан Биртанов – саламаттык сактоо министри; Арыстанбек Мухамедиулы – маданият жана спорт министри; Канат Бозумбаев – энергетика министри.

Премьер-министрдин дагы бир орун басарлыгына Гүлшара Абдыкаликова дайындалды. Бердибек Сапарбаев эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министри, Руслан Даленов улуттук экономика министри болду. Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлиги буга чейин вице-премьер болуп иштеп келген Роман Склярга тийди.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев 21-февралда мурдагы өкмөттү «экономиканын өнүгүшүн камсыз кыла алган жок, министрлер эл менен иштей албайт»​ деген сын менен кызматтан кетирген.

Бакытжан Сагинтаев башында турган өкмөт эки жарым жыл иштеген.