Кубада шайлоочулар Конституцияны өзгөртүүнү колдошту

Кубадагы референдум. 24-февраль, 2019-жыл.

Кубада жекшембидеги референдумдун жыйынтыгы чыкты. Ага катышкандардын 71 пайызы Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдоду. Эми өлкөнүн 1976-жылдагы Баш мыйзамы алмашат.

Жаңы документке ылайык, мындан ары кубалыктардын жеке менчикке болгон укугу таанылат. Мындан тышкары, президенттик жана премьер-министрлик кызматтар пайда болот. Мамлекет башчысынын кызматы беш жылдык эки мөөнөт менен чектелди.

Ошол эле учурда Кубада социалисттик түзүлүш калды. Ага ылайык, Коммунисттик партия негизги саясий күч бойдон калат, маалымат каражаттары мамлекеттин көзөмөлүндө болот.

Буга чейин оппозиция өкүлдөрү өлкөдө жалпы элдик добуш берүү өткөнү менен кескин өзгөрүү болбойт деп сын-пикир айтышкан.

Референдумдун алдында оппозициянын айрым өкүлдөрү кармалды.