Египет: темир жол бекетиндеги өрттөн ондон ашык киши каза болду

Египет. Каирдеги темир жол бекетиндеги окуя. 27-февраль, 2019-жыл.

Египеттин борбору Каирдеги башкы темир жол бекетинде чыккан өрт кеминде ондон ашык кишинин өмүрүн алып, 20дан ашууну ар кандай жаракат алышты.

Египеттин коопсуздук кызматындагы булактар билдиргендей, Каирдин четиндеги Рамзес темир жол станциясында жүргүнчү ташыган поезд өрттөнүп кеткен. Өрткө май куйган бак жарылып кеткени себеп болгону болжолдонууда.

Каир темир жол ооруканасынын башчысы Мухаммед Саид курмандыктардын саны көбөйүшү мүмкүн экенин айтты.

Ондогон «Тез жардам» жана өрт өчүрүүчүлөрдүн техникасы окуя болгон жерде иштеп жатканы кабарланды.